Марал Радиосу

Аида Касымалиева: Нарматованы кармоо бийликтин аброюн түшүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева активист Орозайым Нарматованы кармоо уят иш экенин жана бийликтин аброюн болуп көрбөгөндөй түшүрөрүн айтты. Мындай пикирин Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Орозайым — мыкты саясатчы, өзүнүн позициясы бар. Ушундай адамдар саясатта болушу керек жана парламентке келиши керек. Эң негизгиси, анын кармалышы мыйзамсыз жана коюлуп жаткан күнөө суу кечпейт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы 10-сентябрда Ош шаарында активист Орозайым Нарматованы укук коргоо органдары кармап кеткенин билдирди. Партия Нарматованын кармалышын сөз эркиндигин кысуу, саясий куугунтук катары баалайт.