Марал Радиосу

Эрдоган 19-22-сентябрда АКШга барат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 19-22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумуна катышуу үчүн АКШга барат.

Жыйын БУУнун Нью-Йорктогу штабында өтөт. Анда Эрдоган да сөз сүйлөйт.

Ошондой эле ал отурумдун алкагында бир нече мамлекеттин лидерлери менен жолугушат.

Андан тышкары Манхэттендеги Түрк борборунун ачылышына катышат.