Марал Радиосу

«Агроөнөр жай» бирикмеси: Экономикага өзгөчө кырдаал режими керек

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы «Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» мыйзамды колдой турганын, ал учурдун зарыл талабы экенин айтып чыкты. 

«Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» мыйзам сунушталгандан тарта кызуу талкууга түшкөн. Андан чочулаган тараптар да болгон. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу Рустам Балтабаев бир катар талаш-талкуу, сунуш-пикирлердин негизинде Экономика жана финансы министрлиги тарабынан мыйзамга оңдоп-түзөөлөр киргизген соң, ассоциация да колдоого алууну чечкенин айтты.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн агроөнөр жай ишкерлеринин абалы жакшы эмес. Кургакчылык, түшүмдүн аздыгы сыяктуу көйгөйлөр көп. Буга байланыштуу «Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзамдын кээ бир жагдайлары ишкерлердин арасында, бизнес коомчулукта суроолорду туудуруп, тынчсызданууну жараткан. Андыктан биздин ассоциациянын мүчөлөрү Экономика жана финансы министрлиги менен жолугушууларды өткөрүп, маселелерди чечип алды. Баарыбыз билгендей, президент Садыр Нургожоевичтин агроөнөр жайды өнүктүрүү боюнча указы бар, ал указда 28 чара каралган. Азырынча ал чаралар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. Эми бул мыйзам долбоорунун аркасында жардам берилет деген ойдобуз». 

Аталган ассоциациянын юристи Алия Абасканова бул мыйзам ишкерлерди бир нече суроонун тегерегинде тынсыздандырганын, көйгөйлөр түшүндүрүлгөн соң, маселе чечилгенин билдирди. Ошондой эле ишкерлерди түйшөлткөн маселелерди да атап өттү.

«Бул мыйзам долбоору ишкерлерди төрт суроонун айланасында тынчсыздандырып жаткан. Алар:

— салык маселеси

— айып пул маселеси

— жер казынасы маселеси

— менчиктештирүү маселеси

Ассоциация министрлик менен болгон чогулуштарда ушул суроолорду көтөрүп чыгып, натыйжада жалпы түшүнүккө келди. Башкача айтканда, бул маселелер толугу менен чечилди». 

Экономикада пандемиянын терс кесепеттери дагы деле бар. Анын үстүнө быйылкы жылдагы кургакчылык, түшүмдүн аздыгы өлкөнүн экономикасына оор сокку урду. Мындай учурларда экономиканы туруктуу кармап калуу үчүн өкмөт дайым даяр болуусу керек. Жаңы мыйзамдагы менчиктештирүү маселеси ишкерлерди көбүрөөк тынчсыздандырат. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөсү Аскар Маметжанов буга кабатыр болуунун кажети жоктугун белгилейт.

«Стратегиялык ири мекемелер акыркы кырдаалдардан улам карызга батышкан. Эми бул менчиктештирүү десе эле күч колдонуп, кыйнап, алардын активдерине кирүү эмес, тескерисинче, ошол мекемелер өздөрү кааласа, карыздарын активге киргизип, капиталын көбөйтүү максаты каралган. Мүлк ээлеринин активдери өздөрүндө эле калат». 

Эске сала кетсек, «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө» мыйзамын Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңештин депутаттары 81 «макул», 2 «каршы» добуш менен кабыл алып беришкен. Бирок ишкерлер жана юристтер документ парламентте кабыл алынганга чейин коомдук талкууга чыкпаганын сындашып, андагы коркунучтарды эскертишкен. Ошол эле учурда жетимишке жакын бизнес бирикме мыйзамга вето коюу өтүнүчү менен Президентке кайрылуу жолдошкон.