Марал Радиосу

УКМК: Мыйзамсыз катылган курал-жарак, ок-дары табылды

Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан мыйзамсыз катылган курал-жарак, ок-дары табылды.

Жашыруун жайдан 1 даана «Ф-1» гранатасы, 7.62 мм калибр ок-дары, номери өчүрүлгөн Макаров пистолети алынган. Алдын ала божомол боюнча бул курал-жарак кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болушу мүмкүн.

Учурда тергөө-иликтөө, курал бекиткен адамдарды издөө, ушул сыяктуу башка жерлердин бар же жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.