Марал Радиосу

Кумтөр: Исхак Пирматов 300 миң сом айып төлөйт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго карата өкүм чыгарды.

9-сентябрдагы отурумда Исхак Пирматов Кылмыш-жаза кодексинин 319-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Быйыл 31-майда Исхак Пирматов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалып, эки айга камакка алынган.

Кийин тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үй камагына чыгарылган.

Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.