Марал Радиосу

Кара-Буурада жол кырсынан 2 адам каза болду

ДТП на Люстдорфской дороге в Одессе 26 сентября 2008 г.

Кара-Буурада жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеринде каза болуп, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон (өздүгү такталууда).

Жерине 5 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын сөөгүн тез жардам кызматы алып кеткен.