Марал Радиосу

Кызыл-Кыя базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Борбордук базарында кечээ, 8-сентябрда кечинде чыккан өрт, бүгүн, 9-сентябрь 05:35те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана жалпы 18 куткаруучу тартылган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар жок.