Марал Радиосу

«Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунан фотобаян

Бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунун биринчи күнү аяктады.

Бир күн ичинде жалпысынан 7 сессия болуп өттү. Анда төмөнкү темалар көтөрүлдү:

1. «Социалдык тармактар жана медиа»;

2. «Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги»;

3. «Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору»;

4. «Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу»;

5. «ЖМК жана журналисттердин ишмердигиндеги юридикалык коопсуздук»;

6. «Медиа жана санариптик коопсуздук»;

7. «COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери»;

Иш-чарага 70ке жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, медиафорум эртең, 9-сентябрда да уланат. Анда «Шайлоону чагылдыруу маселелери» темасында 8-сессия өтөт.

Баяндамалардын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.