Марал Радиосу

Кургакчылыктын айынан быйыл Казакстанда буудай аз алынат

Кургакчылыктын айынан быйыл Казакстанда буудай аз алынат. Бул тууралуу өлкө дыйкандары айтууда.

Эксперттердин божомолу боюнча, буудай былтыркыдан 20%га аз болушу мүмкүн.

Маселен, дыйкандар бир гектардан 15 центнерге чейин буудай алууну пландап жатса, азыр орто эсеп менен 8,5 центнерден айланууда.

Белгилей кетсек, Орусияда да быйыл буудай жылдагыдан аз болушу мүмкүн. Жыл башында 83 млн тонна буудай жыйноо пландалган. Бирок 75 млн тонна гана алынары болжолдонууда.