Марал Радиосу

«Акыркы көч» тасмасы Колумбиядагы кинофестивалга катышат

«Акыркы көч» тасмасы Колумбиядагы Atlantic International Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Кинофестиваль Барранкилья шаарында 8-11-сентябрь күндөрү болуп өтөт. Анда даректүү, оюн, анимациялык, эксперименталдык ж.б. толук жана кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, тасмага Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган.