Марал Радиосу

Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz  жана Honda Fit унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктан 1973-жылы туулган Ч.Т., 2000-жылы туулган Н.А. аттуу эркек кишилер жана 2007-жылы туулган Н.А. аттуу кыз жеңил жаракат алган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.