Марал Радиосу

Министр: Эгемендиктин калыптанышына ЖМКлардын кошкон салымы зор

Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II медиафорумуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев да катышты. Ал Кыргызстандын эгемендигинин калыптанышына массалык маалымат каражаттарынын кошкон салымы зор экенин белгиледи.

— Бүгүнкү күндө ЖМКнын коомдо чоң мааниге ээ болгон өзгөчө орду жана ролу бар. Заманбап доордо журналистиканын жаңы жанрлары чыгып жатат. Журналисттер кесиптик жоопкерчилигин жазбай билип, аны сактоосу да маанилүү болуп турат. Кыргызстанда медиа тармагында дасыккан адистер да көп. Министрлик катары алар менен чогуу ЖМКларды өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоорун талкууладык. Бул иш-чара Кыргызстандагы медиаларга пайдалуу болот деп ишенем, — деди министр.

Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафоруму өтүп жатат. Анда социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалууда.

«Марал» радиосу — форумдун медиа-өнөктөшү.

Exit mobile version