Марал Радиосу

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Фонд 16 млн долларлык уставдык капитал менен түзүлүп, кийин 50 млн долларга чейин көбөйтүлөт. Каражатты Венгрия тарап берет.

Ал ишкерлерге насыя берип, же башка жолдор аркылуу ишине каржылык колдоо көрсөтөт.