Марал Радиосу

Бишкекте айдоочунун өлүмү боюнча 22 милиция кызматкери жазага тартылды

Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматкери аткан октон каза болгон айдоочунун өлүмү боюнча 22 милиция кызматкери жазага тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, бул окуяга байланыштуу 4 милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

«Кызматтык териштирүүнүн негизинде 22 кызматкер жазага тартылды. Анын ичинен 1 кызматкер ички иштер органдарынан кетирилди. 9 кызматкер кызматынан бошотулду. 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды», — деди ал.

Эскерте кетсек, 27-августта жол эрежесин бузганы үчүн токтотулган айдоочу кайгуул кызматкери аткан огунан каза тапкан. Бишкек шаардык милициясы ал окуя боюнча алгач берген маалыматында, айдоочу милиция кызматкеринин тапанчасын талашып жатканда ок кокусунан атылып кеткен деп билдирген. Бирок кийинчерээк ал окуя түшүрүлгөн тасма социалдык тармактарга чыгып, анда айдоочу тапанчаны талашпаганы, милиция кызматкери айдоочуга өзү ок чыгарганы көрүнүп турат. 28-августта ал милиция кызматкери камакка алынган.

Учурда бул иш боюнча тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат.