Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин иши боюнча тергөө аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мурда айтылгандай, Салиевге карата мыйзамсыз баюу беренеси боюнча козголгон кылмыш иши териштирилүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Салиев мамлекеттик органдарда, анын ичинде президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган кезде жалпы баасы наркы 70 млн сомдон ашуун деп эсептелген ар кандай кымбат баалуу мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын жана жакын адамдарынын атына каттаган аныкталган.
«Мындан тышкары Алмамбет Салиев президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык иштерге тиешеси бар же жоктугу, укук коргоо органдарынын ишине кийлигишип-кийлигишпегени боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.
Жакында Салиевдин иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилет.