Марал Радиосу

Коронавирустан 3 адам каза болуп, дагы 100 адамдан аныкталды

Бүгүн, 7-сентябрга карата 100 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 26, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 4 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 121 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 3 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 845 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1109 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 176 миң 682 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 745 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 557 бейтап каза болду.

Exit mobile version