Марал Радиосу

Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө даярдалды

Мамлекеттик архив Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө даярдады.

«Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери» сериясынын алкагында уюштурулган көргөзмөгө архивдик сүрөттөр жана документтер коюлган. Аны http://razzakov.archive.kg/ дарегинен көрүүгө болот.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдарда Орто-Токой суу сактагычы, Фрунзе заводу сыяктуу бир катар ири объектилер пайдаланууга берилген. Ошондой эле Исхак Раззаковдун түздөн-түз көрсөтмөсү жана жетекчилиги астында Фрунзе (Бишкек) шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү №5 орто мектеп ачылган жана алгачкы жолу телекөрсөтүү студиясы уюштурулган.

Замандаштары анын адилет, калыс, Мекенге күйгөн жетекчи болгонун баса белгилеп келишет. 1979-жылы Москва шаарында каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.