Марал Радиосу

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кызматынан бошотулду

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Таалайбек Өмүралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Бирок азырынча анын кайсы жумушка которулгандыгы айтыла элек.