Марал Радиосу

Ош: Баңгизат саткан канал аныкталды

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

4-сентябрда УКМКнын ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг баңгизатты сатууну көздөгөн кыргызстандык жаран «Ю.Б.У.» кармалды.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Exit mobile version