Марал Радиосу

Кыргызстанда 645 айылда таза суу көйгөйү чечиле элек

Кыргызстанда 645 айылда таза суу көйгөйү чечиле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 6-сентябрдагы жыйынында, таз суу жеткирүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достукбек Ободоев билдирди.

Анын ичинен 364 айылга таза суу жеткирүү үчүн каржы булагы тактала элек. 281 айылга суу жеткирүү сырткы донорлордун эсебинен жүргүзүлөт.

Акыркы үч жылда 177 айылга суу жеткирүү маселеси чечилген.