Марал Радиосу

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Москвада операция болгондон кийин Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «Маралга» анын тарапташы Мирсулжан Намазалиев билдирди.

Анын айтымында, Бабанов Кыргызстанга кечээ, 5-сентябрда кайтып келген. Учурда ал үйүндө.

Намазалиев Бабановго кандай операция жасалганын айткан жок.

Эскерте кетсек, Бабанов «Кумтөр» иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта болуп келген.

Ден соолугу начарлаганына байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет жерге дарыланууга чыгуусуна уруксат берген. 5-августта Бабанов дарылануу үчүн Москвага чыгып кеткен.

УКМК: Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу камактан чыгарылды