Марал Радиосу

Кыргыз мектептер үчүн физика жана химия китептери 29 млн сомго басылып чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз тилдүү мектептерге физика жана химия сабактары боюнча китеп басып чыгаруу үчүн 29 млн 195,7 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында айтылат.

Ал акчанын 13 млн 817,6 миң сому 8-класстар үчүн химия жана колдонмо китебин, ошондой эле 15 млн 378,1 миң сому 7-класстар үчүн физика менен колдонмо китебин басып чыгарууга кетери пландалган.

Тендер бүгүн, 6-сентябрда жарыяланган. Арыздар 20-сентябрга чейин кабыл алынат.