Марал Радиосу

Токтогулда 12 млрд 78 млн куб метр суу бар

Бүгүн, 6-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 78 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда суунун агып келиши секундасына 333 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 177 куб метрге жетүүдө.