Кыргызстандын аймактарында 5-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын багыты секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12 … 17, күндүз 31 … 36;
Талас жергесинде түнкүсүн 6 … 11, күндүз 28 … 33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16 … 21, күндүз 32 … 37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9 … 14, күндүз 23 … 28;
Нарында түнкүсүн 3 … 8, күндүз 24 … 29 градус болот.
Бишкек шаарында 5-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14 … 16, күндүз 32 … 34.