Марал Радиосу

Бишкекте кыргыз-казак «Достук» аллеясы ачылды

Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багында Кыргызстан менен Казакстандын эгемендик алганынын 30 жылдыгына карата «Достук» аллеясы ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аллеянын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев жана бир катар депутаттар, казак элчилигинин кызматкерлери катышты.

«Куштун эки канатындай кыргыз менен казак эзелтен эриш-аркак, орток көчмөн маданиятын калыптандырышкан. Бир тууган эки эл чокусу бийик Ала-Тоону, касиеттүү кең талааны турак кылып келишкен. Кыргыз-казак байланышы — кылымдардан бери келе жаткан кандаш, тамырлаш байланыш. Бүгүнкү ачылып жаткан парк мунун анык мисалы», — деди Талант Мамытов ачылышта сүйлөгөн сөзүндө.  

Эки элдин достугун даңазалоо иретинде 40 Тянь-Шань карагайынын көчөтү отургузулган. Карагайдын бул түрүнүн бийиктиги 60 метрге чейин жетип, жоондугу 2 метрге чейин барат. 250-350 жыл жашайт.

Exit mobile version