Марал Радиосу

Оштон Стамбулга жаңы авиакаттам ачылды

Ош шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Стамбул-Ош-Стамбул» маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам ушул жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет.

Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы ишке ашырып, жумасына 3 ирет – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.

Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.