Марал Радиосу

JIA төрагасы: Мамлекет «суу алган булагын» жакшы карашы керек

Мамлекет «суу алган булагын» жакшы карабаса, ал эртең кургап калышы мүмкүн. Мындай пикирин ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө бизнесмендерге кепилдик берген фонддор болот. Ошондой эле мамлекетинде өзүнүн саясаты болот.

«Суу чыгып жаткан булакты ар дайым жакшы кароо керек болгондой эле, мамлекет да акча келип жаткан булагын ар дайым тазалап, ошол жерге жакшы нерселерди куруп, карап турушу керек. Кыргызстандын бюджетинин 85%ы салыктардан куралат, калган 15%ы мамлекет ээ болгон кээ бир чоң корпорациялардагы үлүштөн келген дивиденддерден болушу мүмкүн. Эми ошол 80%ын берген булакты мамлекет карай албаса, ал эртең-бирсүгүнү тилекке каршы, кургап кетиши мүмкүн. Ал жерден акча келбей калат. Ошон үчүн мамлекет бул жакка аябай көңүл бурушу керек», — дейт ишкер.