Марал Радиосу

БШК депутаттыкка талапкерлер үчүн семинар өткөрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-сентябрда саат 11:00дө парламенттик шайлоого катыша турган партиялар үчүн семинар өткөрөт.

Партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алат:

— жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

— документтерди берүү жана талапкерлерди каттоо тартиби;

— шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;

— шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катышуу ниетин билдирип, 40ка жакын партия катталды.

2020-жылы парламенттик шайлоо өтүп, одоно мыйзам бузуулардан кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган, өлкөдө бийлик алмашкан.