Марал Радиосу

Дарыгер: Жаштар арасында гипертония күч алды

Мурунку жылдарга салыштырмалуу акыркы учурларда жаштар арасында гипертония оорусу көп каттала баштады. Бул тууралуу №4 Үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жамиля Кенжебаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Дарыгер анын себептерине токтоло кетти. Жамиля Кенжебаеванын айтымында, кан басым деңгээлинин жогорулашына адамдын жашоо-шарты, жеген тамак-ашы таасир берет.

«Көп учурда биздин жаштарыбыз, студенттер фаст-фуд жешет, алардын курамы ар кандай кошулмалардан турат. Андан тышкары тамеки чегип жатышат. Ушул эки фактор эле кан тамырлардын ички көңдөйүнүн өзгөрүшүнө алып келет», — дейт ал.

Андан тышкары дарыгер кыймыл-аракеттин аздыгы ашыкча салмакка, ал өз кезегинде кан басымдын деңгээлинин жогорулашына алып келерин эскертти.