Марал Радиосу

Орусияда 4-11-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн оюндары өтөт

Татарстандын борбору Казань шаарында (Орусия) 4-11-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндары өтөт.

Мелдешке 14-23 жаштагы спортчулар катышып, алар спорттун 16 түрү боюнча таймашат: күрөш, бокс, дзюдо, бадминтон, ок атуу ж.б. Анда 182 топтом медаль ойнотулат.

Оюндарга Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Молдова, Беларусь жана Орусиянын спортчулары катышат.

Эскерте кетсек, аталган мелдештерди өткөрүү демилгесин Орусия көтөрүп чыккан. Ал сунуш 2018-жылы 28-сентябрда Душанбеде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитинде колдоо тапкан.