Марал Радиосу

Аралаш система парламентке кимдерди алып келет?

Кыргызстанда 28-ноябрда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөнү турат. Ал жаңы Конституция жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Алдыдагы шайлоодо кайсы партиялар келет жана кандай жыйынтыктар болжолдонууда? Бул жолку шайлоодо фавориттер кимдер? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Парламенттик шайлоо дээрлик бир жылдан ашык убакыттан кийин жаңы Башмыйзам жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык белгиленди. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары алтынчы жылы да өз милдеттерин улантып аткарып жатышат. 2020-жылдын 4-октябрында президенттик-парламенттик башкаруу системасы менен парламенттик шайлоо өткөн болсо, бул жолу президенттик башкаруунун фонунда парламенттик шайлоо өткөнү турат.

Буга чейинки шайлоолордо кетирилген эң негизги кемчиликтердин бири — бийликтин кийлигишүүсү. Бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап, калыс, адилет өткөн эмес. Эми президенттик башкарууда бийликтин кийлигишүүсү мурдагыдан да күчөйт. Мындай пикирин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек билдирди.

«Себеби президенттик башкаруу бар, бийликтин партиялары ат салышат. Азыр эле «шайлоого катуу даярдыктар жүрүп жатат, сен партиялык тизме менен барасың, сен бир мандаттуу округдан барасың» деп айтып жатышканын ар кайсы жактан угуп жатабыз. Бул нерселер кайра эле чыңалууга алып келип, кайра эле шайлоонун ачык, таза өтпөй турганынан кабар берет. Жаңы шайлоо системасынын жакшы жагын айта турган болсок, партиялар переференциалдык тизме менен бара жатат. Муну кандайдыр бир деңгээлде алдыга жылыш деп айтсак болот. Себеп дегенде бир талапкер үчүн Кыргызстандын бардык аймагындагы шайлоочулар добуш бере алат. Бирок мурунку шайлоолордо кетирилген кемчиликтер эске алынган жок, «Форма №2» жоголгону менен ар бир шайлоочу жашаган жеринен барып добуш бериши керек. Шайлоо күнү канча жаран катталган дарегине барып добуш берет, бул шайлоочулардын аз санда катыша турганынан кабар берет. Эң маанилүү фактор акыркы учурда коомубуз шайлоолордон жакшылык деле үмүт этпей калды. Биринчиден, парламентке жакшы талапкерлер барабы, экинчиден, алар барган күндө деле бир нерсе өзгөртө алабы? «Кайра эле добуштарды сатып алып, кайра эле баягы олигархтар келет» деген элдин кооптонуулары бар. Тилекке каршы, мына ошол кооптонуулар реалдуу».

Жаңы мыйзамда партиялардын шайлоодон өтүү босогосу 5% деп белгиленди. Беш пайыздык шайлоо босогосун аттап өтүү үчүн партиялар кеминде 100 миң добуш алышы шарт. Ошондуктан бул шайлоодо мурдатан элге белгилүү, туруктуу колдоочулары бар партияларда жана биздеги көнүмүш адат боюнча бийликте тургандардын партияларында мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк экенин журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов айтат.

«Партиялык тизме менен алганда, албетте, бийлик 2-3 партия менен бара тургандай болуп жатат. Президент Садыр Жапаров жең ичинен жетектеген «Ишеним» партиясы, экинчиси, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт — Кыргызстан» партиясы. Мына ушул партиялар финансылык, административдик башка күчтөр менен бардык бийлик бутактары, жергиликтүү бийлик ошолорго иштегендиктен шансы бар. Булардан сырткары «Бүтүн Кыргызстан» партиясы бар. Бул партия жана анын лидери бардык шайлоолордо 150-160 миң добуш алып келе жатат. Азыркы 5%дык босого менен партияларга кеминде 100 миң добуш керек. Бул жерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Социал-Демократтар» партиясында да мүмкүнчүлүктөр пайда болушу ыктымал. Мурдагы депутаттар бул партиянын айланасында биригип жатышат, ошондуктан бул партия да 5%дык босогодон өтүшү мүмкүн».

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 16-августка карата Кыргызстанда 3 млн 657 миң 8о5 шайлоочу бар. Ар бир округ 80 миңден 120 миңге чейинки шайлоочулардын саны менен түзүлүп жатат. Орточо эсеп менен 100 миң шайлоочусу бар бир район бир округду түзүүдө. Өлкө боюнча жалпы 36 округ түзүлө турганы болжолдонууда. Ошондуктан бир мандаттуу округдан парламентке депутат болуп келүү өтө татаал. Же абдан белгилүү лидер, же өтө бай адам болушу керек деп эсептейт саясат тануучу Эмил Жороев.

«Бир мандаттуу округдардан депутаттарды шайлоодо буга чейин айтылып келгендей эле, добуш алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөктөр, башкача айтканда, акча, бийлик жагынан ресурстары көптөр көбүрөөк шанска ээ болору анык. Өзгөчө айта кетчү нерсе, буга чейин басым жасалган жаштар жана аялдар арасында бул жолу шанс өтө аз болот. Бир мандаттуу округдар боюнча буга чейин мажоритардык шайлоо деп келдик эле, азыр андай болбой, көпчүлүктүү болуп калды деп койсок болот. Ал деген добуштардын жарымын жеңүүнүн кереги жок, бир эле айлампадан эң көп добуш алган талапкер жеңген болуп эсептелет. 15-20% алса да, башкалардан көбүрөөк алса жетиштүү болот. Бул деген башка маселелердин үстүнө кошумча, шайлоочулардын арасындагы парламентке жөнөтүп жаткан өкүлдүн толук кандуу таанылуусуна да доо кетирип коюшу мүмкүн». 

Кошумчалай кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат. Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 15ке жетти. Партиялар катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек. Ал эми бир мандаттуу округдан талапкерлерди каттоо 6-сентябрда башталат.

Exit mobile version