Марал Радиосу

Жумалиева: Шайлоодо аялдар арасындагы жарыш өзүнчө каралат

Парламенттик шайлоодо аял талапкерлер эркектер менен атаандаштыктан чочулабай эле койсо болот. Анткени эркектер арасындагы жарыш өзүнчө, аялдар арасындагы жарыш өзүнчө каралат. Бул тууралуу БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, белгилүү бир себептер менен аял депутат мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна тизмедеги добушту көп алган кийинки аял талапкер депутат болуп келет.

«Округдук система менен келгендердин биринин мандаты бошоп калса, 2 айдын ичинде ал округда кайра шайлоо өтөт. Депутаттардын мөөнөтүнүн бүтөрүнө бир эле жыл калган болсо, анда шайлоо өткөрүлбөйт», — дейт БШК мүчөсү.