Марал Радиосу

Дагы эки партия парламенттик шайлоого катышарын билдирди

Дагы эки партия 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Шайлоого катышуу тууралуу билдирүү «Ыйман Нуру» жана «Эл үмүтү» коомдук-саясий партиясынан келип түшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттик шайлоого катышарын БШКга «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман Эл», «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы», «Ата Мекен» билдиришкен.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кайрадан иштелип оңдолуп-түзөлгөн мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.