Марал Радиосу

Борбордук аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эгемендик майрамынан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды.

Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан кабарлашты.

Майрам учурунда 8 атайын техника: 5 таштанды жыйноочу жана 3 сугаруучу машина иштеп турду.

Аянтта 50 чоң желим контейнер жана 10 металл евроконтейнер орнотулду.

60 кызматкер үзгүлтүксүз нөөмөттө болушту, анын кыркы жүктөгүч жана тазалоочу кызматкерлер, 20сы жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери. Тазалыкчылар түнкү 2ге чейин иштешкен.

31-августта Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы белгиленди.