Марал Радиосу

Бүгүн Жогорку Кеңеш ишин баштады

Бүгүн, 1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясы ачылды.

Иш-чара саат 10дон 14 мүнөт өткөндө Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кесиптештерин аман-эсен көрүп турганына кубанып жатканын айтып, эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашкан болчу.