Марал Радиосу

Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир берилди

Кечээ, 31-августта Ош шаарында Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатта Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алган Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты берилди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Акжол Махмудовго батирдин, андан тышкары мэриянын атынан 100 миң сомдун  сертификатын тапшырды. Спортчу менен анын машыктыруучуларына шаар бюджетинен жалпы 200 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов спортчуга 10 миң доллар акчалай сыйлык тапшырды.