Марал Радиосу

Жетинчи партия парламенттик шайлоого катышарын билдирди

Бүгүн, 31-августта «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынан» 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Аталган партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген жетинчи партия болууда.

Буга чейин «Социал-демократтар», «Ишеним», «Улуттар биримдиги», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман эл» жана «Альянс» партиялары күздөгү шайлоого катышарын билдирген.

Эскертке кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.