Марал Радиосу

Төрт төкмө жана бир акын «эл акыны» болушту

Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата бир нече маданият ишмерине «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаевге жана акын Бактыгүл Чотуровага «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы берилди.

Exit mobile version