Марал Радиосу

Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Турсунбек Акунга «Манас» ордени көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргызстандын Конституциясын иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана Кыргыстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу берилген.

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун 11-апрелде кабыл алынган президенттик башкарууга негизделген жаңы Конституцияны даярдаган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Турсунбек Акун – Борбордук Азия боюнча адам укуктары боюнча конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы.