Марал Радиосу

БШК: «Социал-демократтар» партиясынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү

Бүгүн, 30-августта «Социал-демократтар» саясий партиясынан 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып Нурбек Касымбековду, ал эми каржы маселеси боюнча өкүл катары Таалайбек Усубалиевди дайындаган.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Exit mobile version