Марал Радиосу

Байге фонду 5 млн сомду түзгөн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу өтүүдө

Бүгүн, 30-августта Кант шаарындагы «Абдыш-Ата» стадионунда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу өтүүдө. Аталган иш-чара эгемендиктин 30 жылдыгына арналып өтүүдө.

Облустун спорт командалары спорттун бир канча түрү боюнча күч сынашат. Ошондой эле волейбол, чоң жана кичи футбол боюнча мелдештер өтөт.

Иш-чарага 100дөн ашык футбол жана волейбол командалары катышууда.

Аталган спорттук мелдешти өткөрүүгө облус жетекчи Эркин Тентишевдин жеке каражаттарынан 5 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.