Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолунда унаа өрттөндү. Жапа чеккендер жок

Ош облусунун Кара-Суу районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 651-чакырымында Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 05:30да чектөөгө алган жана 05:50дө толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.