Тажикстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобунун тажик-өзбек биргелешкен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны 23-28-августта Душанбе шаарында өттү. Бул тууралуу “Авеста” маалымат булагы билдирди.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкесиндеги делимитациялоо иштерин талкуулашты.
Тараптар жумушчу топтордун кийинки жыйынын Өзбекстандын аймагында өткөрүүгө макулдашышты. Иш -чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.
Эми мамлекеттик чек араны аныктоонун натыйжасында карталарда эки мамлекеттин чек арасынын так сызыгы көрсөтүлөт.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1332 кмди түзөт.