Марал Радиосу

Тажик-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

Тажикстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобунун тажик-өзбек биргелешкен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны 23-28-августта Душанбе шаарында өттү. Бул тууралуу “Авеста” маалымат булагы билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкесиндеги делимитациялоо иштерин талкуулашты.

Тараптар жумушчу топтордун кийинки жыйынын Өзбекстандын аймагында өткөрүүгө макулдашышты. Иш -чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Эми мамлекеттик чек араны аныктоонун натыйжасында карталарда эки мамлекеттин чек арасынын так сызыгы көрсөтүлөт.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1332 кмди түзөт.