Марал Радиосу

Ошто эгемендиктин 30 жылдыгына карата көргөзмө-жарманке уюштурулат

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата 31-август күнү Ош шаарында көргөзмө-жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанындагы аянтта өткөрүлөт.

Көргөзмө-жарманке айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулат.