Марал Радиосу

Акыркы суткада 3 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавируска каршы 3 миң 87 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 893 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 194 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 676 миң 330 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 434 миң 97 2жаран экинчи компоненти менен эмделди.