Марал Радиосу

Кыргызстандык эки тасма Казакстандагы кинофестивалга катышат

Кыргызстандык эки тасма Казакстандагы кыска метраждуу тасмалардын Байкоңур эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билиришти.

Кинофестивалга Кыргызстандан «Балапан» жана «Кыял» аттуу тасмалар тандалып алынган.

«Балапан» тасмасын режиссер Данияр Абиров тарткан. Анда Орусияга кетип, дайынсыз жоголгон баласын издеген эне тууралуу баяндалат. Кийин ал уулу Сирияга кеткенин жана ал жактан каза болгонун билет.

Ал эми «Кыял» тасмасы жашоодогу кыялын ишке ашыргысы келген мүмкүнчүлүгү чектелген адам тууралуу тартылган. Тасманын режиссеру – Чыңгыз Самудин уулу.

Кинофестиваль 8-12-сентябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт.

Exit mobile version