Марал Радиосу

Кыргызстандык окуучу Европалык жаштар олимпиадасында алтын алды

Кыргызстандык окуучу Айдар Мундузбаев информатика боюнча Европалык жаштар олимпиадасында алтын алды. Буга чейин Кыргызстандан алтынды эчким ала элек болчу.

Айдар Мундузбаев Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде билим алат.

Олимпиада 24 -августтан 28 -августка чейин онлайн режиминде өткөн. Ага 30 өлкөдөн 171 окуучу катышты. Уюштуруучу өлкө — Румыния болгон.

Олимпиадада Кыргызстандын командасында 8 окуучу болгон:

1. Айдар Мундузбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы лицей;
2. Максат Темирбеков, «Кут билим» билим берүү комплекси;
3. Мухаммед Эргешов, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
4. Эмил Талыпов, №61 Е.Якира атындагы физика-математика мектеп-лицейи;
5. Исхак Тажибаев, «Кут билим» билим берүү комплекси;
6. Нурсултан Эшперов, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
7. Эдил Кадыров, «Газпром-Кыргызстан» билим берүү комплекси;
8. Владислав Кущ, №61 Е.Якира атындагы физика-математика мектеп-лицейи.

 

Exit mobile version