Марал Радиосу

Баткен: Кадамжайдын милициялары жаңы имараттуу болушту

Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү үчүн салынып жаткан заманбап, жаңы имарат пайданууга берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 28-августта аталган имаратты көрүп чыкты. Ал өз сөзүндө райондук милиция кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, РИИБде түзүлгөн жаңы иш шарттары адамдардын коопсуздугун камсыздоодо жакшы натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, Кадамжай РИИБнин 80 жыл мурун салынган эски имараты 2011-жылкы жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. Анткен менен көчүп кетүүгө башка имарат жок болгондуктан райондук милиция өз өмүрлөрүн тобокелге салып, ишти ушул имаратта уланта беришкен. Союздук шартта салынган имарат бүгүнкү талапка жооп бербей, жарандарды кабыл алууда бир топ ыңгайсыздык жаратып келген.

Президент Садыр Жапаров 2 миң чарчы метр аянтка салынган эки кабат имараттагы тергөө бөлүмүн, нөөмөт бекетин жана жыйын залын көрүп чыкты. Имараттын ичинде ошондой эле спорт зал, санариптик коопсуздук борбору орун алган. Санариптик коопсуздук борборунда камералар аркылуу район боюнча эл көп чогулган жерлердеги абал реалдуу режимде көзөмөлгө алынып, ал Бишкектеги республикалык борбор менен байланышта болуп турат. Ошондой эле тергөөдө камакка алынгандар үчүн заманбап убактылуу кармоочу жай курулган, короосу асфальтталган жана жашылдандырылган.

Exit mobile version