Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада 19 миң 529 адам эмдөөдөн өттү

27-августта 19 миң 529 адам коронавируска каршы вакцина алды. Алардын 7 миң 553ү биринчи доза менен, 11 миң 976сы экинчи доза менен эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Жалпы өлкө боюнча 1 млн 95 миң 840 адам эмдөөдөн өттү. Булардын ичинен 671 миң 382 адам биринчи дозасын, 424 миң 458 адам экинчи дозасын алды.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алган.

Учурда Кыргызстанда «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Exit mobile version